Мен Турдукожоева Кулькайыр Абдыкадыровна, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылы, Рысмендеева №15 чи үйүндө жашайм. Менин сиздер тарапка кайрылуумдун себеби; кошунам Кабылов Кубанычбек, мага тиешелүү сарайымды жыйырма эки жылдан бери бербей келет. Мен үйдө болбогондон пайдаланып, өзү тараптан эшик ачып, каракчылык кылып басып алган. Жана, дагы мен жоктон пайдаланып, менин действующий дубалымдын үстүнө, эки метрлик эрежени бузуп, эки этаж үй куруп алган. Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнө 2020- жылы арыз менен кайрылгам, бирок айыл өкмөттөр тез-тез алмашуусунан, бул ишим каралбай калган. Сарайымды өзүмө кайтарып, жыйырма эки жыл пайдаланып келгени, үчүн компенсация өндүрүп жана действующий дубалымдын үстүнгү үйдү буздуруп берүүңөрдү сурайм. Себеби өрт коопсуздугу бар. Кабылов Кубанычбек, Кум-Төрдө жыйырма жыл иштеген азыр баласы иштейт. Менин укугумду акча менен тебелеп келет. Соттошконго каражатым жетпейт, жетимиш жаштагы пенсионермин. Сиздерге мурун дагы кайрылгам, Сиздердин калыстап карап берүүңүздөргө муктажмын. Урматым менен Турдукожоева Кулькайыр. 23 Октябрь 2024 - жыл P.S. Биз укуктуу мамлекетте жашайбыз жана мыйзам баарыбызга бирдей болот деп ишенебиз. Биздин арабызда юристер да, мамлекеттик кызматта иштеген адамдар да, бычакка сап болуучу эр азамат, кыздар да бар. Жакут агабыздын энеси үчүн жардам берели, тараталы. Медиага тараган соң биздин чоң жетекчилерге жетсе адилеттүү чечим чыгарып берет деп терең
#kyrgyzstan #кыргызстан #дин #ислам #мусулман #кайрымдуулук #жардам #уйбуло #аалымдар